Электрондук дарек
kanysh_kya@mail.ru
Телефон
+996 701 460 375

31-август Эгемендүүлүк күнүн белгилөө

02.09.2026, 16:31
1574

     Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Иш чарада райондун өнүгүшүнө эмгек жумшаган инсандарга, Чаткал районунун Ардактуу атуулу наамдары, юбилейлик медалдар, райондук мамлекеттик администрациясынын энчилүү сааттары, Баатыр эне ордени, Эне даңкы медалы, ошондой эле Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталары, Ыраазычылык каты акчалай сыйлыктары менен, райондук профсоюз комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Майрамдык салтанат өткөрүлгөн аянтта концерттик программа тартууланып, жарманке уюштурулду.
Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан аксакалдарга майрамдык дасторкон жайылып, 200 жаранга чай берилди.