Электрондук дарек
seynis@mail.ru
Телефон
+996 701 460 375

Коргон-Сай айылында катталган өрт кырсыгы боюнча

25.07.2025, 14:49
16

Өрт тилсиз жоо демекчи 24-июль күнү саат 14-27 де Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал токой чарбасынын карамагындагы Кум-Бел токой участкасында өрт чыкканы кабарланган. Ошол эле сааттардан баштап өрттү өчүрүүгө аракеттер башталып райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, райондун мекемелеринде  иштегендер жана жергиликтүү тургундар, ондон ашуун техникалар  тартылган. 24-июль күнү токойдогу өрт негизинен өчүрүлгөнү менен 25-июль күнү эрте менен токой ичиндеги чөптөрдү, жылдап чогулган жалбырактардын катмарланган жалбырактарынын чокторун толук өчүрүүгө аракет көрүлүп, райондук ӨКБ жана мекемелерде иштегендер кайрадан өрттөнгөн токойго барышты. Эртеден түшкө чейин айрым түтөп жаткан жерлер өчүрүлүп жатканына карабай, шамал башталып кеткендиктен токойдун жогорку бөлүгүндө от кайрадан  тутанып жалбырттап кеткендиктен, токой жээгиндеги Чаткал дарыясынын нугу техниканын күчү менен бурулуп, суу токойго  жайылтылды. Ошентсе да жалбырттап жаткан өрттү өчүрүүгө Каныш-Кыя айыл аймагынын жана райондук ДЭП-27 ишканасынын погрузчик, эксковатордору чоң күч берүүдө.

   Өрттү өчүрүүдө райондун акими Алтынбек Сеңирбаев, орун басары Анара Орозказиева, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Бактыбек Турдалиев жана мекеме жетекчилери да жүрүштү.

   Ушул сааттарда мекеме жетекчилери өрт чыккан токойду көзөмөлгө алып, жеринде турушууда.

   Ал эми өрттү өчүрүүгө келгендердин тамак ашы Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан уюштурулууда.

   Каныш-Кыя айыл аймагынын маалымат кызматы.