Жарыя! Жарыя! Жарыя!
ЖАРЫЯ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү имарат сатып алуу боюнча кызматташууга чакырат!
Каныш-Кыя айыл өкмөтү коммуналдык чарба багытындагы техникалардын тетиктерин, шаймандарын, жабдууларын жана башка материалдык баалуулуктарды сактоо үчүн атайын имарат сатып алууну пландаштырууда.
Ушуга байланыштуу, талапка жооп берген имараты бар жарандарды жана юридикалык жактарды кызматташууга чакырабыз.
Имаратка коюлуучу негизги талаптар:
• Коммуналдык техникалардын тетиктерин, шаймандарын жана жабдууларын сактоого толук ылайыктуу болушу.
• Имараттын абалы бекем, санитардык жана өрт коопсуздук талаптарына жооп бериши.
• Жүк ташуучу жана атайын техникалардын тоскоолдуксуз кирип-чыгуусуна ыңгайлуу жайгашуусу.
• Кыймылсыз мүлккө болгон укук белгилөөчү жана укук бекитүүчү документтеринин толук жана иретинде болушу.
Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген имараты бар жеке жана юридикалык жактар өз сунуштарын Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте 3 жумушчу күндүн ичинде бере алышат.
Байланыш маалыматтары:
• Дареги: Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Т.Кошбаев көчөсү 120
• Байланыш телефону: 03749-6-03-27
• Электрондук почта: kanysh_kya@mail.ru